ТИЛ ЖЕТПӨӨ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Кандайдыр бир нерсени сүрөттөөгө же ички сезимди билдирүүгө карата: аны сөз менен айтып түшүндүрө албайм, сөз менен жеткирүүгө чамам келбейт деген мааниде колдонулат. Айтууга сымбатыңды тилим жетпейт (фольк.). Менин ошол күнкү кубанычымды, ошондогу толкунданып эргигенимди айтпа! Андагы менин абалымды сага айтууга тилим жетпейт («Ала-Тоо»).